06.07.2018 09:24

Президент  Казакстан борборунун 20 жылдыгына карата иш-чараларга катышуу үчүн учуп кетти

Президент  Казакстан борборунун 20 жылдыгына карата иш-чараларга катышуу үчүн учуп кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков Астана шаарына Казакстандын борборунун 20 жылдыгына карата иш-чараларга катышуу үчүн учуп кетти. Бул туурасында президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда Астана шаарына Казакстандын борборунун 20 жылдыгына карата иш-чараларга катышуу үчүн учуп кетти.

Визиттин алкагында мамлекет башчысы кечээ, 5-июлда  расмий түрдө ачылган «Астана» Эл аралык финансылык борборуна бараары күтүлүүдө.